Жаңылыктар
Улуттук банк: туруктуулукту сактоо
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк: туруктуулукту сактоо

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыздык деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат. Билдирүүгө ылайык, чечим 2020-жылдын 31-мартынан тартып күчүнө кирет. Улуттук банк баа туруктуулугун колдоо үчүн бир катар чараларды кабыл алды. Алмашуу курсунун жана соода чөйрөсүндөгү шарттардын тийгизген таасиринен улам инфляциялык таасири күчөгөн шартта, 2020-жылдын 24-февралында Улуттук банктын эсептик чени 5 пайызга чейин жогорулатылышы инфляция динамикасына өзгөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет. 20-мартка карата инфляциянын көрсөткүчү өлкөдө 4,9 пайыз деңгээлинде катталган. 

Ал эми баалардын жогорулашы негизинен, азык-түлүк товарларынын тобуна туура келет. Негизги чен боюнча чечимдер инфляциянын айкындуу деңгээлин жана орто мөөнөттүү мезгил аралыгында максаттуу көрсөткүч 5-7 пайыз деңгээлинде болжолдонуп жаткан инфляция динамикасын эске алуу менен кабыл алынат. Дүйнөлүк жана регионалдык экономиканын басаңдашы 2020-жыл ичинде ички суроо-талапты төмөндөтүү менен Кыргызстандын экономикасына олуттуу таасирин тийгизет. Улуттук банк баа туруктуулугуна, ошондой эле финансылык туруктуулукка таасирин тийгизген факторлорду көзөмөлдөп, экономикалык жагдайларга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды кабыл алат.