Жаңылыктар
Кытайдан гуманитардык жардам келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайдан гуманитардык жардам келди

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Коңшу мамлекеттин жардамын “Торугарт” чек ара көзөмөл-өткөрүү бекетинен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды. 

Гуманитардык жардамды Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун каалады. Кытайдан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткап, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийим келди. Мындан сырткары, 10 миң даана беткапты Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырылды.