Борбор калаада азык-түлүккө болгон бааларды бир калыпта кармап туруу максатында шаар бийлиги жеке ишкерлер менен биргеликте аракет көрөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов калаадагы ири соода түйүндөрүнүн, базарлардын жана дарыканалардын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда азык-түлүк каатчылыгы жок, биринчи керектөөдөгү ун, нан, кумшекер, май жана башка азык түлүктөр жетиштүү жана баалар да бир калыпта кармалууда. Өз кезегинде ишкерлер да тамак аш азыктарына нарктын көтөрүлүп кетпөөсү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Дарыканаларда беткап жана гигиеналык каражаттардын жетишсиздиги байкалууда, андыктан сатыкка чектөө киргизилди. Бир адамга 3 даанадан ашык беткап сатылбайт, наркы болсо 12 сомдон ашпашы керек.