Коопсуздук кеңешинин чечими менен 16-марттан тарта өлкөдөгү билим берүү мекемелери карантинге жабылып, окуучулар үч жумага алдын ала каникулга чыгышты. Окутуу мектептер менен жогорку окуу жайларда токтоп, ал эми бала бакчалардын иши өзгөчө абалды эске алуу менен азырынча улантылууда.
16-марттан баштап бардык мектептерде сабактар токтоп, жазгы каникул үч жумага созулмай болду. Билим берүү мекемелерин карантинге алуу коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
Карантин жогорку окуу жайларына да тиешелүү. Борбор калаадагы университеттер студенттерди каникулга таратканы менен, окуу процесстери аралыктан жүргүзүлө бермекчи. Мындай ыкманы тандап алган окуу жайлардын бири И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети. Студенттер компьютер же смартфондун жардамы менен мугалимдерден тапшырма алып, билим берүү улантылат.
Коронавируска каршы карантин азырынча бала бакчаларга тиешелүү эмес. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин бардыгы учурда кадимки режимде иштеп жатат. Бирок, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул Бишкек шаарындагы №64 бала бакча. Тарбиячылар жана тарбиялануучуларга, ошондой эле балдарын алып келген ата-энелерге да тазалык боюнча өзгөчө эреже, тартиптер киргизилди.
Акыркы күндөрү бала бакчага келген балдардын саны азайды. Ата-энелер коопсуздук чараларынан улам ушундай кадамга барганын айтышууда. Билим берүү министрлиги болсо бала бакчалардын иши өзгөчө абалды эске алуу менен азырынча улантылып жатканын билдирди. Бала бакчалардан башка билим берүү мекемелеринин каникулу 8-апрелге чейин уланат. Кырдаалга жараша бул эреже тартипке өзгөртүүлөр киргизилип, кошумча иш-чаралар кабыл алынышы мүмкүн.