Жаңылыктар
Таласта азык-түлүккө болгон тартыштык жок
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта азык-түлүккө болгон тартыштык жок

Аны менен катар базардагы баалар туруктуу сакталууда. Жергиликтүү бийлик сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда. Ал эми абалдан пайдаланып бааны көтөрүүгө аракет кылгандарга айып пул салынары эскертилүүдө.

Талас дубанында учурда азык-түлүк кору жетиштүү. Андыктан дүрбөлөңгө алдырып, айрым чайкоочулардын амалкөйлүгүнө алданбоо боюнча жеринде түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Аны менен катар тийиштүү кызматтар аймактагы бардык соода жайларын текшерип, бааларды көзөмөлдөөгө милдеттендирилди. Буга себеп дем алыш күндөрү облуста, айрыкча шаар аймагында күнүмдүк керектелүүчү азыктарга баалар жасалма көтөрүлүп жатканын уккан эл дүрбөлөңгө түшкөн. Бул Талас шаарындагы дүң соода дүкөнү. Буга катар унду дүңүнөн саткан кампа жайгашкан.

Ал эми бул калаадагы ири тегирмендин кампасы. Мында дагы сатып алуучулар үчүн ар кандай сорттогу ун жетиштүү. Ал тургай, темир жол менен Маймак станциясы аркылуу 30 миң тонна буудай, керегине жараша Казакстандын уну бул кампага үзгүлтүксүз келип турат. Абалдан пайдаланып сүткорлукка барып жаткан соодагерлер эл ичинде нааразычылык жаратууда.

Абалды жөнгөрүү боюнча жүргөн рейдде айрым ири соода жайларына бир алуучуга ун, май, кумшекер өңдүү товарларды ашыкча сатууга чектөө коюшкан. Бул да бааларды туруктуу сактоого негиз болчу чараларынын бири экенин соода жай ээлери билдиришет.