Жаңылыктар
Азык-түлүктөрдүн баасын себепсиз кымбаттаткандар аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Азык-түлүктөрдүн баасын себепсиз кымбаттаткандар аныкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азык-түлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктады. 

Ага ылайык, баасы 1300 сомдун айланасында турган бир кап унду 1800 сомго саткан айрым сатуучуларга жана ишкерлерге каршы Кылмыш кодексинин «Монополисттик аракет жана атаандаштыкты чектөө» беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш баштады. Аталган кызмат баалар жөнсүз көтөрүлгөнүн байкаган жарандарды ал тууралуу маалымдоого чакырат. Ошондой эле кырдаалдан пайдаланып, чайкоочулук кылып, баюуну көздөгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертет.