Жаңылыктар
Азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөндөр жоопко тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөндөр жоопко тартылат

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өлкө аймагындагы азык-түлүк саткан жайларга барып, баанын негизсиз көтөрүлүшү боюнча текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мекеме эскерткендей, сүйлөшүп алып же атайылап бааны жогорулатса Кылмыш жаза кодексинин 216-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

Каржы полициясы бааларды кымбаттаткан мекемелерди жана физикалык жактарды бирдиктүү реестрге каттап жатат. Ошондой эле жарандардан азык-түлүккө ашык баа коюп саткандар тууралуу маалымат берүүсүн өтүнөт.