Кечээги абалдан кийин айрым сатуучулардын товарлары чындыгында көп сатылып кеткенби, демейде жолго чейин мүшөктөп тизилип турчу кээ бир жерлерде азык-түлүктөр азайып калган. Ал эми автоунаалардын саны бүгүн деле аз деп айтууга болбойт. Бирок сатуучулардын баамында эс алуу күндөрү базарга келгендердин саны мурда деле ушундай көп болчу.
Ал ортодо өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев шаардагы базарларга барып, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнүн иши менен таанышты. Сатыктагы товарлардын ассортиментин көрүп, сатуучулар жана кардарлар менен баарлашты. Ташуучулар менен сатуучулардын маалыматы боюнча, товарларды импорттоо, алардын номенклатурасы жана запасынын көлөмү боюнча өзгөчө маселе деле жок. Бирок, кардарлардын айтымында, мурдагы күндөрү ашыкча мүнөздөгү суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу айрым топтогу товарлардын наркы көтөрүлгөн. Премьер-министр бүгүнкү күндө өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.
Өкмөт башчы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматына, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине соода түйүндөрүндө ишти күчөтүүнү жана мыйзам бузгандарга катуу чараларды көрүү тапшырмасын берди. Ал ортодо бааны негизсиз көтөрүп жибергендерге каршы рейд уюштурулуп, чайкоочулук кылып, бааны мыйзамсыз көтөргөндөргө чара көрүлдү.
Керт башынын камын ойлогон ишкерлердин айынан эң негизги делген азык-түлүктөр, мисалы күрүч 2-3 сомго, ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткен. Бирок коомчулукта сөз болуп жаткан азык-түлүккө болгон баа мындан да көп кошулганы айтылууда. Ушул тапта Кыргызстанда азык-түлүктү массалык түрдө сатып алууга байланыштуу баардык аймактарда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Негизи өкмөттүн токтому менен социалдык маанилүү делген 14 товардын тизмеси бекитилген. Анын ичинен 11и азык-түлүк. Ага ун, суу май, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз сыяктуу эл эң көп керектеген товарлар кирет. Ушул тапта азык-түлүктүн бул түрлөрүнүн запастык көлөмү жетиштүү.
Борбордо ун саткан дүкөндөр, базарларлардагы абал көзөмөлгө алынып, айрым жерлерде тартипти камсыз кылыш үчүн милиция кызматкерлери күзөткө коюлду. Ал эми психологдор дурболонго тушордон мурда маалыматты ар тараптан акыл эсти калчам кадам кылууну эскертишет.
Ал эми ордо калаадагы Аламүдүн базарында акыркы 2-3 күндө кадимкидей эле абал сакталды. Азык-түлүктү кабы менен алып же, элдердин дүрбөлөңгө түшкөнү байкалган жок. Тамак-аштын баалары деле мурдагыдай.
Дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин Азаматовдордун үй-бүлөөсү да жакшы билет. Жазды кубанып тосуп алып, айлананы тазалап, мал-жандыктарды карап, жай турмуш уланууда. 86 жаштагы Кулира апа айткандай, нечендеген кылымдардан бери берекеси төгүлгөн касиеттүү кыргыз жергеси, кыйынчылык убактарда да өзүнүн сабырдуу, ток пейил, акылгөй эли менен ынтымакта, биримдик менен жашап келет.