Апрель айынан кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товар импорттоп, экспортоочулар элекрондук эсеп-фактураларын милдеттүү түрдө колдоно башташат. Салык кызматкерлери жана айти-адистер ишкерлерге заманбап электрондук тутум менен иштөөнү үйрөтүүдө.
Айгерим Маликова соода жана курулуш тармагында иш алып барган жергиликтүү ишканалардын биринде бухгалтер. Кирген чыккан ар бир тыйын анын эсебинен өтүп, мекеменин негизги каржы иштерин көзөмөлдөйт. Каарманыбыз мындан ары кабат-кабат кагаз толтуруп, салык кызматына барып, узун кезекке туруп отчет тапшырбайт. Салык кызматы электрондук тутум аркылуу отчет тапшырууну ишке киргизди.
Албетте, мурда биз салык органдарына барып отчет тапшыруубуз керек болчу. Кагаздардын баарын колго толтурчубуз. Азыр болсо аралыктан туруп эле отчет тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Убактыбыз да жолго коробойт, акчабыз үнөмдөлөт. Электрондук тутум менен иштөөнү үйрөнүп жатабыз.
Соода-сатык жана товар экспорту, импорту менен иштеген эки миңден ашуун ишкананын адистерин окутуу өткөн жылдын жайында башталган. Салык кызматынын расмий сайты аркылуу ар бир ишкер тарап отчетун тапшырып, эсеп фактураларын онлайн түрдө толтура алат.