Сот тутуму санарип трансформациянын сап башында болуп, мамлекеттик бийликтин башка органдарына үлгү болушу керек. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун судьялары менен болгон жолугушууда билдирди. Бүгүн Мамлекет башчы сот системасындагы санариптештирүүнүн жүрүшү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Президент сот тутумун санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгилеп, бул коррупция менен күрөшүүдө жана адам факторун азайтууда негизги курал болуп саналарын айтты.
Өлкөнүн сот системасын санариптештирүү иштери 2018-жылдан бери ыкчам колго алынган. Сот адилеттигин ишке ашырып, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында 70ге жакын жергиликтүү соттордун залдарына аудио-видео жабдуулар орнотулган. Муну менен катар соттун автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке кирген. Бүгүнкү күндө бул тутум биринчи инстанциядагы 64 сотто жана экинчи инстанциядагы 2 сотто сыноо иретинде иштеп жатат. 2020-жылга карата экинчи жана үчүнчү инстанциядагы сотторго сот автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүү мерчемделген.
Жогорку Сотто судьялар ортосундагы иштерди бөлүштүрүү процессин автоматташтырууга багытталган иштерди бөлүштүрүүнү автоматташтыруу модулу иштеп жатат. Бул тутум көптөгөн факторлорду: иштин татаалдыгынын коэффициентин, судьялардын пландуу жүктөмүн жана башкаларды эске алуу менен судьяларга жүктөмдү тегиз бөлүштүрүүнү шарттайт.
Учурда Жогорку сот соттун автоматташтырылган маалыматтык тутумун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри менен интеграциялоо же байланыштыруу башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматына толук өтүү, сот жыйындар залдарына аудио-видео фиксация тутумун орнотууну жыйынтыктоо жумуштарын алып барууда. Ошол эле учурда сот тажрыйбаларына талдоолорду күчөтүү учурдун орчундуу маселелеринен.