Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев Баткен шаарында жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Облус башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулап, эки элдин карым-катнашын, облустар аралык социалдык-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, аймактардын коомдук коопсуздугун камсыздоо жаатында учурда иштелип жаткан Баткен - Фергана облустарынын алдыдагы жылдарга иш-чаралар планына кол коюу, бекитүүгө жетишүүнү макулдашышты.
Биз үчүн кошуна мамлекеттер менен карым-катнаш, кызматташтык өзгөчө мааниге ээ, ошондуктан буга чейин Тажикстандын Согди облусу менен кызматташуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүүгө жетиштик, алдыда Фергана облусу менен да бир пикир, бир максат менен пландуу жумуштарды аткарабыз, — деди Абдрахманов.