Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги өткөн жылы социалдык-маданий объектилердин курулушуна басым жасап, калктуу конуштарды шаар куруу документтери менен камсыз кылуу ишмердигин жүргүздү. Ага катар санариптештирүү негизги багыт болуп, курулуш тармагындагы бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүү чаралары корулду.
Архитектура жана курулуш агенттиги өткөн жылы бирдиктүү терезе тутумун жакшыртууга өзгөчө көңүл бурду. Анткени курулушка уруксат алуу жол-жоболору айлап убакытты алып, өзгөчө кагаз топтоо түмөн түйшүктү жаратып келген. Эми бирдиктүү терезенин ишмердигин арттыруу - санариптештирүүнүн бир бөлүгү катары ишке ашууда.
Санариптештирүүнүн алкагында курулуш тармагына тиешелүү бирдиктүү маалымат базасы түзүлүүдө. Ага өлкө аймагындагы баардык мекемелердин имараттары камтылат.
Ал эми курулуш иштерине келсек, былтыр 400дөй мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 2 млрд 700 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинде социалдык-маданий мекемелер, калкты таза суу менен камсыз кылуу объектилери бар. Курулуш иштери баскыч-баскычы менен ишке ашырылууда.
Быйыл жыл соңуна чейин 100дөн кем эмес имаратты ишке берүү пландалууда. Анын ичинде бирдиктүү депозиттик эсептен курулуп жаткан 14 мектептин кошумча имараттары бар. Тендер өткөрүлүп, учурда курулуш жумуштары жүрүүдө. Агенттик былтыр борбор калаанын башкы планын иштеп чыгып, Бишкек мэриясына өткөрүп берди. Быйыл Ош менен бирге башка шаарларда да башкы планды иштеп чыгуу иштери улантылмакчы.