Жергиликтүү кеңешке шайлоо өтө турган шаарларга жаңыдан каттоого турган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов парламенттин жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, шайлоону утурлай Ош шаарына 35 миң 895 киши, Караколго 3 миң 159 адам каттоого турганы белгилүү болгон. Бир эле дарекке 1 миң адам катталганы аныкталган. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, укук коргоо органдары иликтеп жатат. "Жашаган жерин өзгөрткөн жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизген жокпуз. Анткени алар жатаканага же башка жерлерге каттоого турган. Жергиликтүү кеңешке шайлоо өтө турган 30 аймакта 340 миң 470 шайлоочу болгон.
Тактоолордон кийин шайлоочулардын саны жалпысынан 2 миң 66 адамга эле өстү. Ал эми Ош шаарында 576га көбөйдү. Калганын укук коргоо органдары териштирип бүткөндөн кийин гана тизмеге өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынат", — деди Бекматов. Ал ошондой эле Ош шаарына жаңыдан каттоого турган 30 миңден ашуун жарандын азырынча добуш берүүгө укугу жок экенин белгиледи. Укук коргоо органдары 28-мартка чейин чечим чыгарышы керек, эгер кечиктирилсе, алар шайлоого катыша албайт.