Жаңылыктар
Бүгүн медицина кызматкерлери эс алат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн медицина кызматкерлери эс алат

Бүгүн, 9-март күнү Кыргызстанда медицина кызматкерлери иштебейт. 

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана ооруканалар алты күндүк график менен иштегенине байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган. 

Белгилей кетсек, 8-март – Аялдардын эл аралык күнү дем алыш күнгө туура келгендиктен, 9-март эс алуу күнү болмок. Бирок бул күн жыл башындагы эс алуу күндөрүнө жылдырылгандыктан, 9-март иш күнү болуп эсептелет.