"Жерүй" кенин иштетип жаткан "Алтын Альянс" ишканасынын алдында ачылган "Бакубат Талас" өнүктүрүү фондунан облуста 1400гө жакын ишкер жана дыйкандар менен фермерлер жеңилдетилген насыя ала алышты. Жеңилдетилген насыядан тышкары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына гранттык каржылоо көрсөтүлүп, анын арты менен муниципалдык ишканалар ачылууда. Бул мүмкүнчүлүк элет жеринде ондогон жаңы иш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. Аймактагы кабарчыбыз "Бакубат Талас" фондунун колдоосуна ээ болгон ишканалардын айрымдарына барып келди.