Адистердин баамында быйыл Нарын облусуна жаз 10-15 күн эрте келет. Андыктан жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктар тездетилип, ирригация багыты жөнгө салынып, суу насос станциялары оңдолуп жатат.
Инженер Асанакун Баркыжоковдун айтымында Он-Арча суу насостук станциясында жаз алды даярдыктар кызуу жүрүүдө. Нарын районуна караштуу Он-Арча, Эчки-Башы жана Кара-Чий айылдарынын 300 гектардан ашык айдоо аянтын сугат менен камсыз кылган бул насостук станцияга быйылкы жылдын каржылоосу өз убагында келген. Андыктан иш ыргагынын шыр кетишине шарт түзүлгөн.
Нарын облусунда 20 суу насостук станциясы бар. Аларды запастык бөлүктөр менен камсыздоодо жана оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүүдө үзгүлтүктөр жок. Анткени аларды тейлөөгө мамлекеттен 30 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле жаңы объектилерди курууга да мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Алардын катарындагы Төш-Булак суу насостук станциясы бар. Анын курулушунун жалпы сметалык наркы 26 миллион сом болсо, алгачкы 10 миллион сомдук иштер аткарылууда.
Быйыл Нарын облусу боюнча 120 миң гектар аянтка ар кандай өсүмдүктөр эгилет. Басымдуу бөлүгү кылкандуу дан эгиндери жана тоютка делинген чөптөр. Андыктан жер ээлери үчүн эң башкысы сугат суунун өз убагында берилиши башкы шарт. Дыйкандардын айтымында, акыркы эки-үч жылдан бери аймакта сугат боюнча олуттуу деле маселе жок. А бирок быйылкы кышта кардын алда канча аз түшкөндүгү аларды тынчсыздандырат.
Дыйкандар сугат маалындагы кургакчылыктан запкы чекпөө үчүн азыртан эле керектүү иш-чараларды белгилеп, сууну үнөмдүү колдонуу боюнча аракеттерин көрүшүүдө.