Жаңылыктар
ИИМ: митинг учурунда коомдук тартипти бузган аял кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: митинг учурунда коомдук тартипти бузган аял кармалды

2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине асылып, өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти бузган аялдын өздүгү такталды. 

Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына жеткирилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланып жатат. Алгач Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган фактылар боюнча Жазык кодексинин «массалык баш аламандык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.