Жаңылыктар
Маселени сотко жеткирбей, медиация жолу менен чечүү жеңил
Кыргызстан жаңылыктары
Маселени сотко жеткирбей, медиация жолу менен чечүү жеңил

Медиаторлор менен соттор тыгыз иш алып барганда гана маселе жеңил чечилет. Мындай пикирди Медиаторлордун республикалык коомдоштугунун төрайымы Гүлсина Кожоярова, Жалал-Абад облусунда болуп өткөн соттор менен медиаторлордун жолугушуусунда айтты. 

Кыргызстанда ар кандай талаш-тартыштарды сотко жеткирбей чече турган өзүнчө кызмат - медиация кызматы. Ал жарандык иштерди ыктыярдуу, купуялык негизде эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чечип берүүгө көмөктөшөт. Ар кандай чыр-чатактарды жөнгө салып, бир пикирге келе албай жаткан тараптарга жай отуруп сүйлөшүүгө шарт түзүп берүү менен жарандардын маселесин сотко жеткирбей жечүүгө багытталган. Медиа́ция жөнүндө мыйзам 2017-жылы кабыл алынып, 2018-жылы күчүнө кирген.

Аталган мыйзам күчүнө киргенден бери, өлкө боюнча 3 миң киши медиациялык маалыматка ээ болгон. Ал эми 500 жарандын маселеси сотко жетпей, медиация жолу менен чечилген. Жаңы түзүлгөн институттун бул аракети кыска убакыт аралыгындагы жакшы көрсөткүчү болду. Адистин айтуусунда, медиацианы кылмыш жана жорук иштеринде эл жакшы колдонбой жатат. Ушул багытта ишти күчөтүү зарылдыгы бар. Жарандарга медиация тууралуу маалымат жеткирүүдө соттордун ролу чоң. Алар тараптарды бул кызматка кайрылууга сунуштай алат. Соттор менен медиаторлордун бул жолугушуусу биргеликте тыгыз иш алып барууну аныктап алуу максатында уюштурулган.