Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометрология агенттигинин директорунун орун басары болуп Мээрим Асанбай кызы дайындалды. Жаны дайындалган жетекчинин орун басарын Өзгөчө кырдаалдар министринини статс-катчысы Азамат Мамбетов жамаат менен тааныштырды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мээрим Асанбай 1989-жылы Нарын облусундун Нарын шаарында төрөлгөн. Билими жогорку. 2012-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетин, 2017-жылы КР Презиндентине караштуу башкаруу академиясын аяктаган. 2012-жылдан тартып Гидрометрология агенттигинин Атмосферанын булганышына байкоо жүргүзүү башкармалыгында жетектөөчү адиси, 2014-жылы ушул эле башкармалыкта башкы адис болуп эмгектенип келген. 2017-жылдан бери Гидрометрология агенттигинин Атмосферанын булганышына байкоо жүргүзүү башкармалыгында бөлүм башчы кызматында иштеп келген.