"Эркин Тоо" мамлекеттик гезитинин жамааты 8-март - Эл аралык аялдар күнүнө карата өлкөнүн маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, экономика, жана илим тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан республиканын алтымышка жакын айымдарын "кыргыздын алдыңкы айымы" төш белгиси менен сыйлады. Ар кайсы тармактарда татыктуу иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан айымдар окурмандардын, гезиттин эмгек жамаатынын тандоосунан өткөн.
Кошумчалай кетсек аталган басылма “кыргыздын алдыңкы айымы” төш белгиси менен сыйлоо аземин соңку үч жылдан бери өткөрүп келет. Мамлекеттик гезиттин 8-март - Эл аралык аялдар күнүнө карата тапшырылуучу төш белгисине КТРКнын "Ала Тоо 24" маалымат каналынын продюсери Сюита Соурбаева жана "Маданият. Тарых. Тил" каналынын продюсери Назира Аалы кызы да ээ болушту.