Жаңылыктар
Бишкекте "Ден соолук" деп аталган жаңы парк пайда болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте "Ден соолук" деп аталган жаңы парк пайда болот

Бишкекте жай мезгилинде жаңы парк пайда болот. Бул тууралуу шаар бийлиги кабарлады. "Ынтымак" паркынын түндүк тарабында, Чыңгыз Айтматов көчөсүнө жанаша жайгаша турган парк "Ден соолук" деп аталат. 

Анда спорттук аянтчалар, дене көнүгүүлөрүн жасоого ыңгайлуу шаймандар, велосипед жолу, скейт-парк, кичи футбол аянтчасы болот. 14 гектарга ылайыкталган эс алуу багындагы тиешелүү жумуштар 1-июнда жыйынтыкталаары күтүлүүдө.