Жаңылыктар
Улуу Жеңишти алып келген ардагерлердин эрдиги эч качан унутулбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңишти алып келген ардагерлердин эрдиги эч качан унутулбайт

Аталардын эрдиги менен биримдиги аркылуу келген Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлер туурасындагы баяндардын түрмөгүн улантабыз.

Согуш ардагери Абдисамат Сулайманов 95 жашта. Баскан-турганы тың, адамдар менен баарлаша билип, эс -тутуму мыкты. Кайратынан жана чапчаң аракетинен али жанбаган карыянын согуш талаасындагы окуялары айы-күнү менен бүгүнкүдөй эсинде. Бир үй-бүлөдөгү Сулаймановдордун улуусу - атасы кан майданга биринчилерден болуп чакыртылган. Эки агасынан соң, үйдүн кичүүсү Апсамат Сулайманов, 1944-жылы 19 жашында майданга жөнөп кеткен. Бир катар ири шаарларды бошотууга катышкан баатырдыгы үчүн орден, медалдар менен сыйланган. Жеңишти Москвада тоскон.