Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Бул датага арналган салтанаттуу иш-чара борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги жана калаа тургундары катышып, мэр Азиз Суракматов шаар тургундарын жана меймандарды майрамы менен куттуктады. Өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген. Туунун авторолору Эдиль Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаевдер. Мамлекеттик туу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун бири болуп саналат.
Ошондой эле, президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Анда Мамлекеттик туу - эгемен өлкөнүн атрибуттарынын бири, ар бир жарандын мекенге болгон атуулдук сезимин чагылдырып турган символ экени айтылат.
“Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган. Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келе жаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо - ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел. Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин! Сиздерге ден соолук, бакты-тааалай, ийгиликтерди каалайм”, - деп жазылат Президенттин куттуктоосунда.