Жаңылыктар
Өлкөдө жазгы талаа иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө жазгы талаа иштери башталды

Дыйкандар менен фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр үчүн быйыл 6 миллиард 200 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилет. Күйүүчү май тартыш болбойт. Бирок чарба ээлери баага байланыштуу маселе бар экенин билдирип жатышат.

Чүй облусунда талаа жумуштары жаз мезгилинин алгачкы күнүнөн тартып жанданды. Дыйканчылык чарба беденин талаптагыдай өсүшү үчүн аны сугатка даярдоо менен быйылкы ишин баштады. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги күйүүчү майды арзан сатып алууда дүңүнөн соодалашууну сунуштап жатат.

Кыргызстанда быйыл айдоо аянттары 1 миллион 219 миң гектар жерди ээлейт. Буудай 240 миң гектар, жүгөрү 180 миң гектар болсо, 260 миң гектарга жакын аянтка арпа өстүрүлөөрү болжолдонуп жатат.

Анткен менен өсүмдүктөрдүн бардык түрү кирешелүү дегенге болбойт. Тармакты тейлеген мекеме кайсы багытка артыкчылык берүү ыңгайлуу болоорун талдап чыккан.

Быйыл дыйканчылыкка, мал чарбасына жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагына өлкө казынасынан 6 миллиард 200 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берүү каралган. Мындан сырткары коммерциялык банктар да өз каражаттарын сарптайт. Адистер быйылкы жылдын негизги көйгөйү болушу мүмкүн деп суу тартыштыгын белгилеп жатышат.