Бишкектеги Ала-Тоо аянтында бүгүн, 2-мартта саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. ИИМ митингде мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын билдирген. Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш планы иштелип чыккан.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен.