Чүй облусундагы Аламүдүн айылында таза суу мунарасы ишке кирди. Калк турмушун жакшыртуунун негизги багыты катары - таза суу менен камсыздоо планын койгон жергиликтүү бийлик, бүгүнкү күндө онунчу суу мунарасын ишке киргизди.
30 миңдей жашоочусу бар Аламүдүн айылынын бир бөлүгү буга чейин таза суу колдонууда Бишкек шаарына көз каранды болуп келген. Бүгүндөн баштап айылдагы 450 түтүн, же 2 жарым миң адам ичүүчү сууну кенен колдонууга шарт түзүлдү.
Аламүдүн айылында ушуну менен 10-суу мунарасы иштеп баштады. Мурда аны курууга жер тилкеси жок болсо, маселени түшүнгөн жергиликтүү тургун, 5 сотык жерин бекер берип, жаңы суу мунарасынын ишке киришине өбөлгө болду. Эми мунара жергиликтүү жашоочуларды гана эмес, бул аймакта орун алган өндүрүш ишканаларын да таза суу менен камсыздайт.
Суу чыгаруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен 4 млн 650 миң сом сарпталып, баштан аяк бир жарым жылдын ичинде бүткөрүлдү.
Аламүдүн айылы өкмөттүн 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдетин биринчилерден болуп ишке ашырган айылдардын катарын толуктады.
Аламүдүн айылы өкмөттүн 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдетин биринчилерден болуп ишке ашырган айылдардын катарын толуктады.