Жаңылыктар
Жаратылыш газы менен жүрүүчү автобустарды сатып алууга тендер жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаратылыш газы менен жүрүүчү автобустарды сатып алууга тендер жарыяланды

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасы жаратылыш газы менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу үчүн тендер жарыялады. 

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Бул максатта 650 млн сом бөлүнгөн. Ага жалпы 100 автобус сатылып алынат. Талапка ылайык, автобус 2020-жылы чыгарылган болушу керек. Транспорттун ичине 70тен ашуун жүргүнчү бата тургандай жана отургучтардын саны 26дан кем эмес болушу зарыл. Ошондой эле автобуста мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн аянтча болуп, пандус менен жабдылышы керек. Арыздар 18-мартка чейин кабыл алынат.