Кыргызстанда адамдардын жашоо узактыгынын орточо көрсөткүчү 71 жашты түздү. Өлкөдөгү пенсионерлердин көпчүлүгү жашы өтүп калганына карабастан, активдүү жашоо мүнөзүн түзүүгө аракет кылышат. Алсак, айрымдары иштейт, небере чөбөрө багат муну менен жашоого болгон көз карашы өтө жагымдуу экенин алар айтышууда.
Өлкөдө пенсия курагындагылардын саны жыл санап өсүп, бүгүнкү күндө алардын саны 650 миңден ашты. Эксперттердин белгилешинче, экономикасы жана саламатык сактоо тармагы өнүккөн өлкөлөрдө адамдардын жашоо узактыгы көбүрөөк.
Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"