Жаңылыктар
Электр энергиясына болгон баа өзгөрбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Электр энергиясына болгон баа өзгөрбөйт

2020-жылы электр энергиясына баа өзгөрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйында отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев билдирди. Анын айтымында, электр энергиясына баа саясаты боюнча өкмөткө жаңы программа сунушталды. Анда 700 киловатт саатка чейинки электр энергиясына жеңилдикти сактоо каралган.