27-28-февралда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан каттуу жаап, зымдарга жана бактарга суу кар тоңүшу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөшү мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү мүмкүнчүлүгү төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.