Бишкектеги карылар жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин социалдык стационардык мекемесинде, улгайган адамдын муздак бөлмөдө камалган видеосу социалдык желеге таралган. Ал чыгаары менен интернет колдоонучулары кызуу талкууга алып, ар кыл пикирлер калтырылган.
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, видеодогу окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп териштирүү иштери жүрөөрүн маалымдады. Эксперттердин баамында, мындай окуяларды болтурбаш үчүн стационардык мекемедеги кызматкерлерге тренинг семинарларды уюштуруп жана айлык маянасы жогорулатуу менен улгайган адамдарга болгон мамилени түздөөгө болоорун айтышууда.
Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"