Салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын бүгүндөн тарта түн ортосуна чейин кабыл алат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, салык органдарында иштегендер 1-мартка чейин дем алыш күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат. "Декларацияны иш учурунда тапшырууга жетишпей калгандар саат 18.00дөн түнкү саат он экиге чейин салык органдарына кайрылса болот. Ал эми дем алыш күндөрү эртең мененки саат тогуздан түнкү он экиге чейин тапшырууга мүмкүнчүлүк бар", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын атамекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлүк уюмдар берүүгө тийиш. Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.