Жаңылыктар
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Каармандык телекөпүрөсү” уюштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Каармандык телекөпүрөсү” уюштурулду

Борбордо Ленинград шаарынын курчоодон бошотулушунун 76 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Каармандык телекөпүрөсү” аталышындагы эл аралык иш-чара өттү. 

Ага Кыргызстан, Испания, Россия, Италия, Франция жана Португалия өлкөлөрүнүн ардагерлери, активисттери катышты. Анын катышуучулары согуш убагында өздөрүнүн башынан өткөргөн окуяларды баяндап беришти. Уюштуруучулардын айтымында, бул телекөпүрө - кийинки муунга эрдиктин үлгүсүн көрсөткөн эстафета болуп калмакчы.

“Биз мындан 75 жыл мурда болгон окуяны келечектеги муун жана алардын балдары билишин каалайбыз. Башкысы - биз тарыхтын чындыгын, ошондой эле чоң аталардын жасаган эрдиктерин унутпашыбыз керек. Бул биз үчүн абдан маанилүү”,- деди катышуучу Ирина Тарасова.