Калкты тейлөөчү борборлордо жакында кезек күтүүлөр онлайн тартибинде да боло баштайт. Мындай аракет жарандардын убактысын да үнөмдөйт. Мындан сырткары түрдүү кызматтарды көрсөтө турган мобилдик тиркеме да иштелип чыгат.
Кызмат көрсөтүү электрондоштурулгандан бери узакка созулган кезек күтүүлөр болбой калды. Кызмат көрсөтүү ашып кетсе 15 мүнөттү алат. Болгону жыл башында мектеп окуучулардын жекече номуру камтылган маалым катты алуу үчүн ата-энелер көп келип, кезек күтүүлөр узагыраак болгондугун айтышат адистер.
Жакында калкты тейлөөчү борборлордо кезек күтүүлөр онлайн тартибине өтөт. Мындай аракет жарандардын убактысын да үнөмдөйт. Эми ар түрдүү кызматтарды тейлей турган мобилдик тиркеме иштелип чыгат. Ал апрель айынан тартып пайдаланууга өтөт.