Жаңылыктар
Быйыл дарыгерлер менен медайымдардын эмгек акылары жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл дарыгерлер менен медайымдардын эмгек акылары жогорулайт

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо тармагынын 30 миңден ашуун кызматкеринин маянасы көтөрүлөөрүн билдирүүдө. Буга чейин 2018-жылы эки миңдей үй-бүлөлүк дарыгердин айлыгы жогорулатылган.



2018-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы жогорулатылган. Саламаттык сактоо тармагында 20 жылдык тажрыйбага ээ Алмагүл Камчыбекова ага чейин айлык акы узак убакыттан бери көтөрүлбөгөнүн айтат. Түзүлгөн шарт менен бирге ак халатчандарга талап да жогорулап, айрым кошумча милдеттер жүктөлгөн.

Үй-бүлөлүк дарыгер ымыркайдан тартып улгайган адамдын саламаттыгын көзөмөлдөйт. Ар бир кызматкердин каттоосунда үч жүздөй адам бар.
Жогорулатылган эмгек акы менен учурда эки миңдей үй-бүлөлүк дарыгер иштеп жатат. Бул үчүн 1 миллиард 260 миллион сом жумшалган. Эми стационардык ооруканадагы дарыгерлер менен медайымдардын да маянасын жогорулатуу күтүлүүдө. Быйылкы жылга белгиленип жаткан өзгөртүү 30 миңден ашуун кызматкерге тиешелүү. Айлыкты көтөрүүнүн бир нече жолдору каралып жатат.