Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын эриш-аркак жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында пландалган иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди. Эки мамлекеттин кызматташуусунун эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземи 27-февралда Москвада өтө турганы айтылды.
Боронов өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары эриш-аркак жылдын программасына киргизилген иш-чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн уюштуруу жана башка маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.