Жаңылыктар
Бажы кызматында ишкерлерди колдоо аракети кандай жүрүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы кызматында ишкерлерди колдоо аракети кандай жүрүүдө?

Бажы кызматы тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүүдө ишкерлерге колдоо көрсөтүп келет. Бул багытта ар бир квартал сайын тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн өкүлдөрү менен жолугуп, маселелер ортого салынат. 

Авазбек Керимбаев авиа жолдору аркылуу Кыргызстандан экспортко чыкчу жана импорттолчу бардык товарларды декларациядан өткөрүүдө ишкерлерге кеңеш берүүчү компанияда эмгектенет. Бажы кызматы менен алардын кардарлары ортосунда байланыш кызматын аркалагандыктан, негизги максаты - ишкерлерге колдоо көрсөтүү.

Бажы кызматы ишкерлерди колдоо максатында бир катар иш-чараларды убагы менен өткөрүп турат. Ал өз кезегинде экономикалык өсүштүн орун алышына алып келет.

Эми аэропорттордогу бажы көзөмөлүнө жаңы эреже кирди. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн башка мамлекеттерге акча каражатын алып өтүүдө айырмачылыктар болот.

Бул тууралуу жүргүнчүлөр кабардар болуу үчүн, аэропорттун баардык аймагына атайын маалымат такталары коюлган.