Кластердик долбоорлорго колдоо көрсөтүлөт. Бул багытта каржы мекемелери менен банктар биргелешип иш алып барууну макулдашты. Өкмөттүн кеңешмесинде ишкерликтин бир гана жагын колдоп, башка көйгөйлөрүнө көз жумуп коюу жалпы бизнес чөйрөсүнө кедергисин тийгизээри белгиленди. Экономикалык кластер - чарбаны түзүү, продукцияны өндүрүү, аны кайра иштетүү, сатуу өңдүү иштерди бирдей өнүктүрүүгө негизделет.
Ишкерликти өнүктүрүүдө кластердик ыкмага ыктоо талабы Кыргызстанда соңку эки жылдан бери көп айтылып келатат. Чарбаны түптөгөн ишкер продукция өндүрүү үчүн чийки затты сырттан алып келбей өзү чыгарып же өлкөнүн ичинде сатып алса экономикага көбүрөөк пайда.
Маселен кийим тигүүчү ишкана пахтаны Өзбекстандан сатып албай, Кыргызстандын өзүндө жетиштүү көлөмдө өстүрүлсө жеңил өнөр жайы менен айыл чарбасы бири-бирин толуктап турмак. Өкмөт бизнестеги мындай чынжырчанын ийгиликтүү жолдорун изилдеп, аларга колдоо көрсөтүү багытын карап жатат.
Жыйында бир катар банктар менен каржы мекемелери кластердик долбоорлорду биргелешип колдоону макулдашты. Маселен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кластердик принцип менен иш алып барган ишканаларга берилчү насыянын үстөк пайызын төмөндөтүү жолдорун кароону максат кылып жатат. Артыкчылыктуу багыт катары айыл чарбасы тандалып алынууда.
Өндүрүүчүлөр ишти жаңы баштап жатканда продукцияны кайда сатаарын болжошкону менен туруктуу базар табылбай калган учурлар бар. Товардын сапатын арттырууда, сактоодо да түйшүктөр көп. Мындан улам ишкерликке кластердик мамиле маанилүү.
Айыл чарба багытында эт кластери, сүт кластери өңдүү өзүнчө долбоорлор иштелип чыгаары күтүлүүдө. Мындан сырткары балык чарбасы менен жүн өндүрүүгө да артыкчылык берилет.