Массалык түрдө жарандар каттоого алынууда деген маалыматтардан улам, Ош, Токмок, Каракол шаарынын паспорт жана калкты каттоо бөлүмүн жетекчилери кызматтык иликтөөгө байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилди.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, каттоого алууда чек жок, бирок массалык көрүнүштөр учурда байкалууда. Белгилей кетсек, буга чейин айрым жарандык активисттер жана бир катар парламент депутаттары 12-апрелде 25 айыл аймагы жана 5 шаардык кеңешке шайлоого карата жер-жерлерде массалык түрдө жарандарды каттоо жүрүп жаткандыгын айтып чыккан болчу. БШК бул көрүнүш тыкыр текшерилүүгө алынат деп билдирген.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"