Жаңылыктар
Жибек Өзүбекова өмүрүнүн 50 жылын билим берүүгө арнаган
Кыргызстан жаңылыктары
Жибек Өзүбекова өмүрүнүн 50 жылын билим берүүгө арнаган

Таланттуу балдар менен иштөөнүн өзгөчө ыкмасын киргизип, 90-жылдары сапаттуу билим берүүдө жаңы типтеги кыргыз мектебинин моделин түзгөн педагог, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Жибек Өзүбекованын сөөгү Ак-Суу районун Ак-Булуң айылында жерге берилди.

Сүйүктүү мугалимин акыркы сапарга узатуу үчүн барган окуучулары эскерет.

Жибек Өзүбекова 71 жыл өмүр сүрсө, анын 50 жылын билим берүүгө арнады. Жибек эжейден таалим-тарбиясын алган окуучулары экинчи апасы экенин айтып, акыркы сапарга узатуу үчүн атайы чогулуп келди. Биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү лицей-десе –Жибек эжени түшүнөт-дейт, Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей интернатынын директору Алтынбек Жапаров. 

Жибек Өзүбекова 1948-жылы 28- июлда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Токтогул айылында туулган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып: Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, билим берүүнүн отличниги жана Кыргыз Республикасынын эл мугалими жогорку наамына татыктуу болгон. Бүтүндөй өмүрүн билим берүүгө арнап, миңдеген жаш канаттарды турмушка аттантып, алардын сый-урматына татый алган чыныгы педагог эле дейт кесиптештери жана окуучулары

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”