Өлкөнүн мал базарларында майда жана ири мүйүздүү мал-жандыктарына баа бир нече эсеге жогорулаган. Адистер мындай көрүнүштү тоют, сүткө болгон баанын көтөрүлүшү менен байланыштырууда.
Өткөн жылдан бери үй жандыктарына болон баалар жогорулады. Мисалы шаар четиндеги мал базарда байланган бир гиссар койунун баасы 15 миң сом. Ал эми жылкы алып сатып иштеткендер үстүнө 2 миң сомдон гана кошпосо, көп деле баасын көтөрүшпөйт. Себеби, ансыз да баа жогору.
Ал эми бодо малдын баасы да учурда ар кандай. Ал салмагына, сүт беришине жараша аныкталат. Учурда мал базарларында сүт багытындагы уйларга суроо-талап чоң. Мындан тышкары, мал чарбасы менен алектенгендер эчки, кой жана башка үй жандыктарын сатып алууда.