Жаңылыктар
Cанариптештирүү - өнүгүүнүн өбөлгөсү
Кыргызстан жаңылыктары
Cанариптештирүү - өнүгүүнүн өбөлгөсү

Өлкөдө санариптештирүүнүн 5 жылдык концепциясы кабыл алынгандан кийин туура 1 жыл өттү. Ал арада Кыргызстанда санариптештирүүнүн пайдубалы түптөлүп, 2023-жылга чейин толугу менен электрондошкон, маалыматтык технологиясы өнүккөн, туруктуу экономикалык өсүштөрдү алып келген өлкөгө айланат деген аракеттер ар тараптан көрүлүүдө.

Дал ушундай жол менен ишкерлер патентти электрондук түрдө ала баштаганына 5 ай болду. Ал эми 150 миңден ашык салык төлөөчү, электрондук төлөмдөрдү ишке ашырат. 1-июлдан тарта өлкөдөгү бардык май куючу жайларда мунайзатты берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму орнотулат.

“Түндүк” ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу мамлекеттик органдардын маалымат алмашуусу жолго коюлууда. Ушул тапта электрондук тутумга 63 мамлекеттик, 30 дан ашык коммерциялык уюм кошулган. Тутумга кирген уюмдардын жарымынан көбү маалымат алмашуу ишин жолго коюп алышкан. Ага 17 мамлекеттик органдан "Түндүк" электрондук системасы аркылуу 2,5 млн. суроо түшкөн.

«Инфоком» ишканасы болсо, жыл жаңыраары менен бүткүл республика боюнча бардык айыл өкмөттөрүндө «Санарип аймак» долбоорун ишке киргизүүдө. Ушул тапта паспорт алуу, жашаган жерине катталуу сыяктуу каттоо кызматынын карамагында эле 30дан ашык кызмат көрсөтүүлөр иштеп жатат. Мындан башка алдыда электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемесин ишке киргизүү жана «Санарип ID» - электрондук кол тамганын жардамы менен инсанды идентификациялоо тутуму электрондук тиркемесин ишке киргизүү пландалууда.

Негизинен өлкөнү санариптик трансформациялоо концепциясы беш жылдык мөөнөттө үч максатты алдына койгон. Жарандардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жалпы санариптик системага салуу, тез жана сапаттуу деңгээлде кызмат көрсөтүү. Анан да технологиянын жардамы менен өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө алып келүү. 

Жарандар чөнтөк телефонунан эле электрондук почталарын текшерип, айрым учурда социалдык тармактарга да билдирүү калтыруусу мүмкүн. Логиндер башбармактын изи менен ачылып жаткан чакта ишти смартфон аркылуу бүтүрүү алда канча ыңгайлуу.