Жаңылыктар
Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу
Кыргызстан жаңылыктары
Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин максатка ылайык түзүлгөнүн талдап, экономикалык кылмыштардан кайтарылып жаткан каражаттар түз республикалык бюджетке түшкүдөй чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын койду. Ошол эле учурда бизнес менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара байланышты жакшыртуу максатындагы мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизилет. 

Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышына камтылган бул маселелер менен таанышуу максатында Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин катчысы, Башкы прокурор, Ички иштер министри жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасын кабыл алды.