Өлкөнүн экономикасын чыңдоонун аракетинде акыркы убакта көлөмдүү иштер жасалды. Иштейм деген ички жана тышкы инвесторлор менен ишкерлерге түзүлгөн шарттар барган сайын жакшырууда. Өзгөчө аймактарды өнүктүрүү жылында элетте бизнес түптөгөндөр, өнөр жай, кайра иштетүү ишканаларын ачкандар жеңилдиктерге ээ болду.
Бул максатта административдик жолтоолорду азайтуу багытында бир катар иштер аткарылды. 2-КАМ: 2021-жылдын январь айына чейин ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылга убактылуу тыюу салынды. Айрым товарларды экспорттоо жана импорттоо үчүн лицензия берүүнү автоматташтыруу аяктады.