Бишкек шаардык мэриясы өткөн жылы борбор калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталып аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Негизги басым жол курулуштары, социалдык мекемелердин курулушу, жаңы конуштардын инфраструктуралык маселелерин чечүүгө багытталган. Ал эми, бюджетти толтуруу, райондук администрациялардын салык чогултуу аракеттеринин чабалдыгы жетекчиликтин сынына кабылды.