Баткен облусунда 500 миңден ашуун калк жашайт. Анын 75 пайызын кыргыз, 12 пайызын өзбек жана 6 пайызын тажик, ал эми калганын орус, татар жана башка улуттагылар түзөт. Бирок бул сандар - статистика үчүн гана. Жергиликтүүлөр өз ара бир эл болуп, ынтымагын бекемдеп, биримдигин даңктап келишет.
Өмүрүн музыка дүйнөсүнө арнаган Гүлмира Султанова көп улуттуу үй-бүлөдөн. Апасы немец улутунан, атасы - кыргыз. Кичинесинен эки улуттун тең өзгөчөлүктөрүн бирдей билип, тарбиясын алган. Мектепти, жогорку окуу жайды болсо орус тилинде окуган. Учурда Баткен шаарындагы бала бакчалардын биринде, кичинекей бөбөктөргө музыка сабагын кыргыз тилинде окутат.
Ынтымак менен биримдикти башкы орунга койгон каарманыбыз, кесиптештеринин, кошуналарынын арасында меймандостугу, сый мамилеси менен урматка арзыган.
Лидия Амиралиева да 52 жылдан бери агартуу тармагында иштейт. Орус кызы Баткендик кыргыз жигитке турмушка чыгып, үй-бүлө очогун дал ушул өлкөнүн эң алыскы дубанында улап келет. Мектепте орус тилинен сабак берип, окуучуларына мекенди сүйүп, башканы урматтоо менен дүйнө таанымы өсөөрүн насаат кылып айтып келет.
Баткен облусунун аймагында жашаган улуттардын башын бириктирип, достугун чыңдоо максатында 2016-жылы Кыргызстан элинин ассамблеясынын Баткен аймактык коомдук бирикмеси түзүлгөн. Учурда атайын концепциянын долбоору түзүлгөн.