Жаңылыктар
Ат-Башыдагы логистикалык борбор боюнча чагымчыл маалымат тараткандар жоопко тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыдагы логистикалык борбор боюнча чагымчыл маалымат тараткандар жоопко тартылат

Ички иштер министрлиги Нарын облусунун Ат-Башы районуна курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборго байланыштуу чагымчыл малыматтар социалдык түйүндөрдө тарап жатканын билдирди. Министрлик жалган кабар тараткандар мыйзам алдында жооп берерин эскертти. Ал эми серепчилер саясий жана жеке кызыкчылыгын коргогон тараптар активдешип жатканын айтты. Жогорудагы тасоциалдык түйүндөр аркылуу тарап жатат. Анда айрым кызыктар тараптар акча таратып элди чагымчылдыкка үндөп жатканы байкалат.

Аудио сүйлөшүүлөр жазылган тасма тууралуу ички иштер министрлиги да өз иликтөөлөрүн баштады. Ага ылайык коомду башаламандыкка үндөгөндөр мыйзам чегинде жооп берет.

Акыркы учурларда мындай чагымчыл көрүнүштөр социалдык түйүндөрдө кеңири тарап жатат. Бул үчүн акчага жалданган адамдардын атайын тобу да бар экендигин адистер айтышат. Башкача айтканда фейк аккаунттарды колдонуп, чыныгы жүзүн жашырган интернет чагымчылдар иштеп жатканын айтышат. Өз көмөчүнө күл тарткан, өлкө кызыкчылыгынан өзүнүн кызыкчылыгын жогору койгон тараптарды жергиликтүү элдин түйшүгү кызыктырбайт дешет.

Илгери деу дген корей авто чыгарган заводу келип чондо ортодо акча сурап качырып алганбыз. Андай кылбашыбыз керек. Эгерде индустриалдык-соода-логистикалык борбордун экономикага тийгизген таасирине келсек, аймак үчүн да, мамлекеттик казына үчүн да кирешелүү долбоор. Экономикалык серепчи Темирбек Ажыкуловдун пикиринде, келген инвесторду качырып албоо керек. Ошол эле учурда жергиликтүү элге да түшүндүрүү иштерин мыктылап жүргүзүү зарыл. Аны менен катар келген ар бир инвестордун кызыкчылыктарын да эске алуу милдет. Бул дүйнөлүк тажрыйбада колдонулат дейт.

Сөз болуп жаткан соода логистикалык борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын шаарынан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулганы жатат. Долбоордун сметалык баасы 280 миллион долларды түзөт. Логистикалык борборду курууга "Нарын" эркин экономикалык аймагы инвесторлорго 176 гектар жерди 49 жылга ижарага берген. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат. Азыркы тапта инвесторлор ижара акысынын 43 миллион сомго чукул каражатын төлөгөн. Серепчилердин пикиринде 49 жылдык ижара бул дүйнө өлкөлөрүнүн баарында колдонулган практика. Коомго дүрбөлөң салгысы келгендер чындыкты бурмалап жатканы айтылат. Логистикалык борборду курууга Ат-Башы районунун тандалганы да жөн жерден эмес. Биринчиден, Район "эркин экономикалык аймагы" деген макамга ээ. Бажы кодексинин 245-беренесине ылайык, мындай аймактан чыккан продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө бажы төлөмүн кошпой сата алабыз. Экинчиден, аймакта дотацияда отурган айыл өкмөттөрү арбын. Өндүрүш дээрлик жокко эсе. Ошондуктан инвестиция тартып, аймакты өнүктүрүү, калкты иш менен камсыздоо милдети турат.