Жаңылыктар
«Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
«Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун  мүчөсү кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүрүп жаткан контеррористтик иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарында «Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун  мүчөсү «Ж.А.» кармалды.  Анын Интернет тармагындагы экстремистик  иш аркеттерине бөгөт коюлду. Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү  учурунда экстремисттик багыттагы материалдар табылган. 

Азыркы убакта ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, КР Жогорку сотунун токтому менен «Хизбут-Тахрир» 2003-жылдан 20-августунан тартып экстремисттик уюм деп таанылып, КР аймагында анын иш-аракеттерине тыюу салынган.