Жаңылыктар
Бизнестин өнүгүшүндөгү тоскоолдуктар
Кыргызстан жаңылыктары
Бизнестин өнүгүшүндөгү тоскоолдуктар

Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын мамлекет башчы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында белгиледи. 12 ар кандай экспертизадан өтүп, 100гө жакын кол чогултуу талап кылынып, жыйынтыгында долбоорлоо үчүн эле бир жылдан ашуун убакыт кетерин айтты. 

Мындан тышкары Президент ушул көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап кеткенин айтты. «Бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек. Мамлекеттик органдар менен адамдын байланышын максималдуу жокко чыгаруу зарыл», - деди Сооронбай Жээнбеков.