Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жыл сайын алчу жөлөк пулун 5 миң сомго көтөрүүнү сунуштады.
Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Маалыматка караганда, учурда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майып болгондор, Ленинград блокадачылары жана концлагердин жашы жете элек туткундары 15 миң сом, оруктун эмгекчилери, согушта курман болгондордун жесирлери 10 миң сом алат.
Ушул жылдын 15-январына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, оруктун эмгекчилери жана согушта курман болгондордун жесирлеринин саны 2 миң 76 киши.